27-Март - Эл аралык театр күнүнө арналган майрамдык салтанатка 11 театр катышат

Бүгүн, 27-Март - Эл аралык театр күнүнө арналган майрамдык иш-чарага республиканын аймагындагы 11 театр катышат. Учурда "Жашоо, өмүр, театр” деген аталыштагы иш-чарага артисттер кызуу даярдык көрүшүүдө.

"Бул салтанатта театр артисттери сахнада роль гана аткарып тим болбостон, ырдап да беришет",- дейт Кыргыз драма театрынын жетекчиси Эгемберди Чалабаев

Бул майрамда Кыргыз театрлар союзу тарабынан өз ишинде жигердүү эмгектенген артисттерге сыйлыктар тапшырылат. Маданият, маалымат жана туризм министрлиги тарабынан уюшулган бул иш-чара саат 16:00дө башталат. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан