Акмаанай Эшбаева түштүк жергесине классикалык музыканы пропагандалайт

Учурда А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театрында эмгектенип жаткан Акмаанай Эшбаева кесиптештери менен биргеликте Ош шаарында концерт коёт. Бул тууралуу ырчы бүгүн, 27-мартта SUPER.KG порталына билдирди.

"9-апрелде Кыргыз улуттук опера жана балет театрынын ырчылары "Чыныгы музыка" деген аталыштагы концерттик программа менен Оштогу Улуттук драма театрында өнөрүбүздү тартуулайбыз. Программабыз жалаң опералык чыгармалардан турат. Негизги максатыбыз түштүк жергесине классикалык музыканы пропагандалоо болуп саналат",- дейт ырчы.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан