Данияр Эрматов Нооруз майрамына карата Талас элине жандуу концерт берип, элдин батасын алып кайтты

Данияр Эрматов Нооруз майрамына карата Талас элине жандуу концерт берип кайтты. Бул тууралуу ырчынын продюсери Канат Кадыржан бүгүн, 27-мартта SUPER.KG порталына билдирди.
Бул концертке алып баруучулук милдетти куудул Жаныбек Алыкуловдун уулу Манас Алыкулов аткарды. Талас эли Данияр Эрматовдун гана эмес, аны коштоп барган ырчылар Клара Алибекова, Чыңгыз Турдубеков, Эдил Маматов сыяктуу ырчылардын өнөрлөрүнө күбө болушту.
"Концерт өзгөчө шаң, жагымдуу маанай менен коштолду. Эл ырчыларга кошулуп бийлеп, ырдап отурушту. Зал толуп, айрымдар туруп көрүүгө аргасыз болушту. Ойлогом, көрүүчүлөр жалаң жаштар болсо керек деп. Жок, улуу муундагы ата-апалар, эже-агалар да келишиптир. Данияр "Апакем" ырын ырдап, залда отурган апага гүлдесте сунганында ал бир жашып алып, ырчыга батасын берди. Концертте комуздун, гитаранын коштоосунда да ырлар жаңырды",- деп кошумчалады ырчынын продюсери.
Данияр Эрматовдун бул концертине эми Баткен, Жалал-Абад, Чолпон-Ата, Каракол, Алматы шаарларынын тургундары күбө боло алышат.  
Данияр Эрматовдун Таластагы концертти (кадр сыртында )
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
ermekbaevna
2014-03-27 16:44:40
жаныбек алыкуловдун баласы озуно окккккшош го.
+1
umutai.86kg
2014-03-27 19:11:50
туура кылыптыр кыргызстанды кыдырып.
0
Beko87
2014-03-27 21:45:40
концерт залы кичинекей экен.андайга толотда.
0
Anqelina2
2014-03-27 21:49:44
Кларанын ырдаганы эмнеге жоооооооооооооооооооок??? Настрением тушуп калды.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан