Бишкекте "Эл артисти Чоро Думанаевге үй берилсин" деген талап менен пикет болуп өттү

Бүгүн, 27-мартта жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров "Кыргыз Эл артисти Чоро Думанаевге үй берилсин!" деген талап менен Бишкек мэриясынын жанында пикет өткөрдү.

Кезектеги пикети жөнүндө активист буларга токтолуп өттү:
"КРнын Эл артисти Чоро Думанаевдин 40 жылдан бери театрда эмгектенип келе жатканы баарыбызга маалым. Бирок мындай бийик даражалуу инсан ушул кезге чейин бала-чакасы менен бир бөлмөлүү жатаканада күн кечирип жатканы менен эч кимдин иши жок. Бул нерсени мен бийликтин искусство адамдарына жасаган кайдыгер мамилеси деп түшүнөм. Мына, шаарыбызда толтура жаңы үйлөр салынып жатат. Кантип ошол үйлөрдүн биринен ушул адамга, кыргыз маданиятына салымын кошуп келе жаткан Чоро Думанаевге бир квартира берүүгө болбосун? Бул шаардык бийликтин колунан келе турган эле нерсе. Менин бүгүнкү пикетимдин негизги максаты шаардык бийликтин көңүлүн буга бурдуруу болчу. Тилекке каршы, саат 11ден 12:30га чейин турдум, мэриядан эч ким чыккан жок. Макул, мэр Кубанычбек Кулматов чыккандан уялат экен, аппарат жетекчилеринен бирөөнү чыгарып койбойбу?! Кайра мага Ленин РИИБнин кызматкерлери келип "Уруксат кагазыңыз барбы? Алдын ала маалымдадыңыз беле? Кеттиңиз, болбосо биз менен жүрүңүз, машина даяр" деп нотация окуп туруп алышты".
Чоро Думанаев «Ак илбирстин тукуму», «Ак кеме», «Каныбек», «Отко таазим», «Кызыл алма», «Көчө», «Ысык-Көлдүн кызгалдактары», «Чиркин өмүр», «Президент жана бомж» жана башка тасмаларда, телесериалдарда кайталангыс образдарды жараткан. Эске салсак, ал буга чейин жатаканада жашап, кыйналып жүргөнү тууралуу "Супер-Инфо" гезитине берген маегинде билдирген эле. Аталган макаланы толугу менен бул жактан окуңуз...
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
Tentek1
2014-03-27 17:04:29
Туура уй бериш керек.
+1
barsa1984
2014-03-27 17:05:31
Туура мен колдойм
+1
kyrs
2014-03-27 17:15:48
Квартира болбосо да жер участок берсин эптеп там салып алат балдары да коп болсо керек.
+1
AIZAD
2014-03-28 02:50:03
kyrs, берди деп аты болгондон кийин участогу жок эле , кабат уй берилсин!
0
M_T_K
2014-03-27 17:31:34
Жок дегенде шаарыбыздын борборунда салынып жаткан уйлордон 2 комнаталуу квартира берилсе жакшы болмок, татыктуу инсан деп ойлойм
+1
asiret
2014-03-27 17:40:45
Эй кыргыздын аткаминер сооройлору ушундай таланттардын турмушун корбой козунорду майбасканбы
0
maks83
2014-03-27 17:47:24
туура бериш керек да
+1
ABS
2014-03-27 17:56:32
ушул байкуш кишиге уй берип койсо болмок ыя кварирада турат болуш керек соз жок бийлике баарын бир атыпсалчуудай го ий
+1
sopu93
2014-03-27 18:28:00
en sonun akter airykcha kocho filminde avazdyn rolun ayabai sonun atkargan
0
Schookum
2014-03-27 19:01:00
sopu93,
koschulam. Al filmdi kayra koryydon tajabaym. Agay kee bir adamdarday aldum juttum, kimmerzia dep churkabastan. Kujunchuluktarga karabay oz kesibin arkalap kelse kerek. Al emi akterlordun algan mayanasu kvartiranun akchasu, tamak aschka arang jetse kerek. Kech bolup kala elekte ubagunda mamleket sujun urazuchulugun bilgizischi kerek.
0
jigit.paren
2014-03-27 19:45:51
биздин атка минерлер козу отуп кеткенден кийин эмгеген баалап анан беришет ага чейин беришмек тугул эстеп да коюшпайт, мына уй эмес наам алалбай жургондор бар мисалы 30 жылдан бери сахнада жургон Абдылда Иманкулов эч бир наам алалбай журот, ага караганда кээ бироо бир эки ыры менен чыга калып эмгек синирген наамды алып жатышат.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан