24-декабрда Нарын шаардык мэриясында “Элет калкын жумушка орноштуруу жана кирешесин жогорулатуу максатында инновациялык жана заманбап кесиптик билим берүү системин камсыздоону кеңейтүү” долбоорунун алкагында "Нарын облустук аймактык иш тобунун" Нарын облустук массалык маалымат каражаттарына жана коомчулукка арналган маалымат жыйыны өттү. Долбоордун максаты - элет жеринин тургундарына кесиптик шыктарын ачууга кеңири жол ачуу, алган шыктарына жараша эмгек рыногунун талаптарына жооп бергендей кыска мөөнөттөгү кесиптик курстарды тартуулоо. Жергиликтүү тургундар бул долбоордун алкагында эмгек рыногунун талаптарына жооп берген кыска мөөнөттөгү курстардын модулдук программасына ээ болушат. “Аймактык иш тобунун”, “Занятость” коомдук уюмунун мүчөлөрү долбоордун алкагында жүргүзүлүп жаткан иштер боюнча суроолорго жооп беришти. Жалпыга маалымдоо каражаттары жана коомчулук өкүлдөрү кеңири калк арасына маалымат жайылтуу иштерин колго алмай болушту.