Ички иштер министрлиги: Социалдык тармактарда кыздардын жоголушу боюнча жалган маалымат тараткандарга чара көрүлөт

Интернетте социалдык тармактар аркылуу кыздардын дайынсыз жоголушу боюнча жалган маалыматтарды тараткандарга мыйзамдын чегинде чаралар көрүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 27-мартта маалымат жыйынында Жоробай Абдраимов билдирди.
Анын айтымында, акыркы күндөрү интернетте "кандайдыр бир кыз дайынсыз жоголду" деген маалыматтар пайда болгон. Тергөө амалдары башталганда, кыздар жоголбой эле, туугандарынын же досторунун үйүнөн табылат.
"Жалган маалыматтарды Бишкекте окуган студенттер таратышат. Эгер алардын өздүгү такталып, маалымат тараткандар кимдер экени аныкталса, Улуттук коопсуздук кызматынын тиешелүү бөлүмдөрүнө өткөзүп беребиз. Алар териштирип, мыйзамдын негизинде тиешелүү чаралар көрүлөт",- деди Абдраимов.
ИИМ жакынкы күндөрдө Камила Дүйшөбаеванын өлүмүнүн бети ачыларын айтты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
qwert
2014-03-27 16:40:22
туура !
+1
kalpakkg
2014-03-27 17:14:15
даа,мен да колдойм,азаматсынар
+1
Dadin
2014-03-27 18:38:23
Туура эле таратышкан,таратпаса ИИМ кенебей олтура бермек дагы деле.Таратып коомчулук кичине тынчсызданганынан ИИМ да 5 точкасын которуп аракет кыла баштады,болбосо уктай беришет эле дальше-больше.
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан