27-Март - Эл аралык театрлар күнүндө түрк маданиятына салым кошкон инсандар "ТҮРКСОЙ" уюмунун сыйлыгы менен сыйланышты

Бүгүн, 27-мартта Эл аралык театрлар күнүнө карата Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук драма театрында майрамдык салтанат өтүүдө. Салтанатты Маданият, маалымат жана туризм министринин милдетин аткаруучу Султан Раев ачып, театр кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктап өттү.

“Театр - искусствонун өзгөчө түрү. Бүгүнкү майрам - жалпы адамзаттын жан дүйнөсүн тазартуунун майрамы. Бүгүнкү күндө Кыргызстанда 22 театр иш алып барат. Анда миңден ашуун кызматкер чыгармачылыгын элге тартуулап келүүдө”,- деди Султан Раев өз сөзүндө.

Андан соң Султан Раев түрк дүйнөсүнүн маданиятын өнүктүрүүгө жана сактоого кошкон зор салымы үчүн төмөнкү инсандарды "ТҮРКСОЙ" Эл аралык уюмунун юбилейлик медалы менен сыйлады:

1. Сатыбалды Далбаев, КРнын Эл артисти

2. Жамал Сейдакматова, КРнын Эл артисти

3. Геннадий Базаров, КРнын Эл артисти, кинорежиссёр

4. Болот Шамшиев, КРнын Эл артисти, кинорежиссёр

5. Абдырай Осмонов, КРнын Эл сүрөтчүсү

6. Жоомарт Кадыралиев, КРнын Эл сүрөтчүсү

7. Таалай Осмонов, драматург

8. Саламат Садыкова, КРнын Эл артисти

9. Садыр Жумашев, КРнын Эл артисти

10. Айдарбек Сарманбетов, жазуучу

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан