Кыргызстан боюнча жашы жете элек энелердин саны 1200дү түзөт

Кыргызстан боюнча 2013-жылы жашы жете элек кыздар арасында 1200 төрөт катталды. Бул тууралуу 27-мартта SUPER.KG порталына Бишкек шаарындагы Саламаттыкты сактоо департаментинин медициналык жардам бөлүмүнүн гинекологу Раиса Асылбашева билдирди.

«2013-жылы каттоого 123 адам туруп, жылдын аягында 72 жеткинчек көз жарды. Ал эми калганы төрөт алдында турат. Кыздардын басымдуу бөлүгү 15-18 жашка чейинкилер, ал эми айрымдары 14 жаштагы секелектер»,- дейт адис.

Маалыматка таянсак, кош бойлуулардын дээрлик бөлүгү аймактардан келип шаарга каттоого туруп, ымыркайлуу болушат. Мындай жаш энелердин так санын айтуу кыйыныраак экенин да адис кошумчалайт. Себеби жашыруун жеке клиникаларда көз жаргандар да жок эмес.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
maks83
2014-03-27 17:42:23
кудай сакта
0
tokio1991
2014-03-27 19:05:35
азыда бул мындан эки эсеге коп.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан