Бишкекте бий топторунун арасында сынак өтүп, "Назик" бий тобу баш байгеге ээ болду

26-мартта Бишкектеги бий топторунун арасында "Бий ордо-2014" сынагы болуп өттү. Сынакта "Береке", "Назик", "Дея" жана "Жаз" бий топтору күч сынашты. Жыйынтыгында өзгөчө таланты, ийкемдүүлүгү менен калыстардын жана көрүүчүлөрдүн купулуна толгон "Назик" бийчилер тобу баш байгеге ээ болду. 
Аталган сынактын уюштуруучусу, "Азия Нур" бий тобунун жетекчиси Нурлан Намазбековдун айтымында, ага 7-10 жаштагы кыздар-балдар катышкан.
"Бул сынакты "Келечек" балдар студиясы менен биргеликте уюштурдум. Бийчилердин өнөрлөрүн чыгармачыл адамдар, "Wi`ll be" дасыккан бийчилер тобунун негиздөөчүсү Эрмек Керимбаев, хореографтар Екатерина Цой, Адилет Төрөбеков жана ырчылар Анжелика, Юлия Руцкая баалашты. Ар бир группада 8ден бийчи бийледи. Жыйынтыгында калыстардын чечими менен баш байге "Назик" бий тобуна ыйгарылып, алар концерттик программасын бекер тарттыруу укугуна ээ болушту. Ал эми 1-орунду "Жаз", 2-орунду "Береке", 3-орунду "Дея" бий топтору ээлешти. Катышкан 32 бийчиге тең грамоталар жана сыйлуу белектер тапшырылды",- дейт уюштуруучу.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
sumka
2014-03-30 22:42:42
uwundai wanduurak janylyktardan jazgyla4y!!!kudaym wanduu taza tyn4 yntymaktuu jashoo bersin4i!!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан