2012-жылы Маданият жана туризм министрлиги жарандардан түшкөн 73 кайрылуунун 9уна гана жооп бергендиги белгилүү болду
"2012-жылы Маданият жана туризм министрлигине ишеним телефону аркылуу жарандардан 73 кайрылуу түшүп, алардын ичинен 9 кайрылууга гана жооп болгон". Бул тууралуу ЖКнын комитетинде депутат Гүласал Садырбаева билдирди. Анын айтымында, башка министрликтерге салыштырмалуу Маданият жана туризм министрлигинде мыйзам бузуулар көп экендиги белгилүү болду. Жыйынга катышып жаткан министр Ибрагим Жунусов ишеним телефону 17-октябрда түзүлгөнүн, андагы кемчиликтер учурда жоюлганын билдирди.