“Супер сулуу-2013” сынагынын жеңүүчүсү
Орункүл Шабралиева учурда вокалга барып, актрисалык жөндөмүн арттырып, өзүн ар тараптан сынап жаткан кези. Аны менен катар сулуу комедия жанрындагы тасмага да тартылып жатыптыр. Бул тууралуу бүгүн, 27-мартта
SUPER.KG порталына билдирди.
"Бул менин тасма айдыңындагы дебютум десем болот. Азырынча тасманын аталышын айтпай эле турайын, элге сюрприз болсун. Анда мен орусча сүйлөгөн, мода кубалаган Элли аттуу эрке кыздын ролун аткарам. Ал эми мен ашык болгон жигиттин ролун "тамашоучу" Азамат Исмаилов ойнойт",- дейт "Супер сулуу-2013" наамынын ээси Орункүл.