“Үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз” деп изделип жаткан 16 жашар Айзиректин атасы милицияга арыз жазуудан баш тартты

“Үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз” деп изделип жаткан 16 жашар Айзиректин атасы милицияга арыз жазуудан баш тартты. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 27-мартта билдирди.

Маалыматка караганда, Айзиректин атасы Ысык-Ата райондук Ички иштер башкармалыгына келген. Бирок ал милиция кызматкерлеринин “арыз жазыңыз, издейли” дегенине көнгөн эмес. Биринчи күнгө чейин кызын өзү издээрин, таппаса арыз жазарын билдирген. Айтымында, кызы буга чейин да ушинтип дайынсыз жоголуп кетчү.

Айта кетсек, 26-март күнү “16 жашар Айзирек изделүүдө” деген маалымат тараган. Анда 23-март күнү саат 09:00 чамасында Ысык-Ата районунун Новопокровка айылындагы үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз экени айтылган.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
serche
2014-03-27 18:27:06
чоңойуп эле калган кызды жашар деген туура эмес го)
-1
anjella8888
2014-03-27 20:24:54
serche,эгер билсениз 18 жашка чейинкилер оспурум катары эсептелип жашар деп айтылат. туура жазган
+1
ayzatkyz
2014-03-27 18:36:59
азыр коп кыздар жоголуп жатат
+4
Akshumkar
2014-03-27 20:39:38
бул эмне деген шумдук
0
kyrs
2014-03-27 20:43:14
Кыздар кочого чыкпай эле койгулачы жигитинерге керек болсонор оздору уйунорго издеп барышат.
+2
maks83
2014-03-27 21:01:58
арыз жазганга эмне акча толойбу жазып эле койбойбу
+2
nasi00
2014-03-27 21:43:24
Иий мындайларды окуп алып коркуп да буттук окмот катуу закон чыгарбайбы эми ушунча факт болуп турса адам олтургонду атууга зордуктаганды бычып уурулук кылганды колун кесип койсо ушунчалык болмок эмес биздин закон жерде эле калды тебеленип калп эле анандай мынандай закон чыгардык деп депутаттар сыймыктанып жылуу жумшак отура берсин
+1
Asanaka2
2014-03-27 21:49:42
Бул депутат сепутаттар чечуучу маселе эмес.Уй булодо чечилуучу маселе да.
+1
Aitunuk
2014-03-27 22:44:08
Атасынын айтканынан улам, ата-энесине баш бербеген, өспүрүмдүк курактагы "өзүмө өзүм жооп бере алам" деген кыз десек болот. Ушул курактан акылдуулук менен чыгып кетсин деп тилейли.
+4
asiret
2014-03-28 12:03:52
Aitunuk сага кошулам. Буга чейин да чыгып кетип жургон болсо демек бул кыз ата-энесин дагы коп какшатат. Жургондур да дагы бироолор менен ойноп
+1
azamat1992kg
2014-04-02 08:46:52
Айзирек табылды!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан