
* Мындан 8 жыл мурун, 2006-жылы "Супер-Инфо" гезитинин расмий сайты ишке кирген.
www.super.kg сайтынын жаралуу тарыхы 2005-жылдарга барып такалат. Анткени аталган сайттын жаратуучусу, "Супер-Инфо" гезитинин негиздөөчүсү
Кылычбек Султанов окурмандар менен байланышты жакшыртуу, кыргызстандыктарды гана эмес, чет жерде жүргөн мекендештерибизди да өлкөбүздөгү жаңылыктар, кызыктуу маалыматтар менен кабардар кылууну көздөп, кыргызча сайт ачууну максат кылат. Бул оюн бир жылдан ашык бапестеп багып жүрүп, 2006-жылдын 28-мартында ишке ашырган.
Азыркы тапта кыргыз тилдүү сайттардын алдынкы катарында келе жаткан маалыматтык-маанайшат порталы түрдүү тармакта иш алып барууда. "Соңку кабарлар" бөлүмүндө Кыргызстандын аймагында жана дүйнөдө болуп жаткан жаңылыктар чагылдырылса, "Медиа-порталда" кызыктуу видео, ырлар жайгаштырылып турат.
Ошондой эле "Супер-ТВ" бөлүмү коомчулукта болуп жаткан окуяларды тартуу менен ийгиликтүү иш алып барууда. "Супер-Инфо" гезити сайтка чыгарылып, чет өлкөдө жүргөн мекендештерибизди саясий окуялар, маданият, шоу-бизнес жаңылыктары, пайдалуу кеңештер менен камсыздап келет.
2012-жылы аталган порталдын колдонуучуларынын саны айына 8 миллионго барабар болсо, 2013-жылы бул көрсөткүч бир айда 18 миллионду түзгөн. SUPER.KG порталы КМШ өлкөлөрүнүн арасындагы мыкты 20 порталдын катарына кирет.
* Мындан 9 жыл мурун, 2005-жылы парламенттик шайлоодон кийин Кыргызстандын мыйзам чыгаруу тармагында "кош бийлик" кырдаалы жаралган. Борбордук шайлоо комиссиясы жаңы шайланган Жогорку Кеңештин ыйгарым бийлик укугун тааныган соң мурдагы кош палаталуу парламент автоматтык түрдө мыйзам мейкиндигинен чыгарылган. Бирок буга чейин жаңы шайланган депутаттар Жогорку Сотто катталбаганына байланыштуу өткөн чакырыктагы жана жаңы шайланган парламент экөө тең бирдей укукта ишке киришкен.

* 238 жыл мурун 1776-жылы
Москвада Чоң театр (Большой театр) негизделген. Орусиянын мамлекеттик эки жолку Ленин ордендүү академиялык Чоң театры же жөн эле Чоң театр — Орусия жана дүйнөдөгү эң бир чоң жана маанилүү опера жана балет театрларынын бири. Театрдын имараттарынын комплекси Москва шаарынын борбор бөлүгүндөгү "Театр" аянтында жайгашкан.