А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театры
Балет өнөрү боюнча биринчи эл аралык фестиваль өтөт. Фестиваль Маданият, маалымат жана туризм министрлиги менен "DZENIM" коомдук фонду тарабынан уюштурулууда. Ага Орусия, Казакстан, Тажикстан, Швеция мамлекеттеринин өкүлдөрү катышышат. Иш-чаранын максаты – Кыргызстандагы балетке коомчулуктун көңүлүн буруу, балет өнөрүн аркалагандардын ортосундагы карым-катышты бекемдөө.
Бишкектеги Композиторлор союзунун концерттик залы
КРнын Эл артисти, Токтогул Сатылганов атындагы Мамлекеттик сыйлыктын ээси, профессор, композитор, дирижёр Насыр Давлесовдун 85 жылдыгына карата эскерүү кечеси өткөрүлөт. Иш-чарага музыка изилдөөчүлөр, композиторлор жана Насыр Давлесовдун туугандары катышып, композитордун өмүрү жана чыгармачылыгы тууралуу сөз кылышат. Кеченин жүрүшүндө анын “Аста-секин, колукту” музыкалык комедиясынан жана “Курманбек” операсынан үзүндүлөр аткарылат. Кече саат 15:00дө башталат.
И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети
Орусиянын Улуттук изилдөө университетинин окутуучусу, Экономикалык жогорку мектеп жана Москва мамлекеттик университетинин (МГУ) профессору Берлин Александр Давидович семинар өткөрүп, бизнес жана экономика жаатында лекция окуйт.
А.Осмонов атындагы Улуттук китепкана
Кыргыз Республикасынын Эл артисти, манасчы жана акын Уркаш Мамбеталиевдин 80 жылдыгына арналган китеп-сүрөт көргөзмөсү жана эскерүү кечеси өткөрүлөт.
Талас шаары
Кулатуунун “Эр таймаш ММА” версиясы боюнча эл аралык мелдеш өтөт. Анда Талас шаарынын курама командасы менен Казакстандын Тараз шаарынын мушкерлеринин катышуусундагы 5 рейтингдик беттеш өтөт.
Бишкек шаары
Бишкек шаарынын мэринин Кубогу үчүн 16 КВН командасы ат салышат.