Унаасындагы жардыруудан жаракат алган кикбоксчу Руслан Абасов ооруканага жетип каза болду. Муну бүгүн, 27-мартта SUPER.KG порталына Чүй ОИИББинин кызматкери Нурбек Токтосунов билдирди. "Көп кан жоготуп койгондуктан, спортчу ооруканадан жан берди. Ал эми келинчегинин абалы канааттандырарлык, учурда дарыгерлердин көзөмөлүндө. Жеңил жаракат алыптыр",- деп билдирди Токтосунов.
Эскерте кетсек, окуя бүгүн саат 18:00 чамасында Токмок шаарында болду.