“Унаасындагы жардыруудан кийин өзүнө келе албай каза тапкан кикбоксчу Руслан Абасовдун акыркы жолу телефондо ким менен сүйлөшкөнү такталууда”,- деп билдирди Чүй ОИИББинин кызматкери Нурбек Токтосунов. Анын билдиришинче, болжолдуу жыйынтык экспертизадан кийин белгилүү болот. “Жардырууну ким жасашы мүмкүн деген суроого азырынча жооп айта албайбыз. Тийиштүү адистер окуя болгон жерде иштеп жатышат. Алардын ишинен кийин маалымат берилет”,- деди кызматкер.
Айта кетсек, окуя бүгүн, 27-мартта Токмок шаарында болду.