Жардыруудан көз жумган Руслан Абасовдун өлүмү боюнча кылмыш иши козголду, тергөөнүн жүрүшүндө тааныштары суракка алынат

“Унаасындагы жардыруудан кийин өзүнө келе албай каза тапкан кикбоксчу Руслан Абасовдун өлүмү боюнча кылмыш иши козголуп, жакын тааныштары суракка алынат,- деп билдирди Чүй ОИИББинин кызматкери Нурбек Токтосунов

Анын айтымында, кикбоксчунун туугандарын жана досторун суракка алуу боюнча жана окуянын себептерин билүү үчүн тийиштүү экспертизалар дайындалган. Азыркы тапта тергөө тобу иликтөө иштерин жүргүзүп жатат. Бардык тааныштары менен сүйлөшүп, анын кимдер менен тыгыз байланышта экенин билген соң маалымат берилет”,- деди ал.

Кечээ, 27-мартта спортчу жубайы экөө унаада Токмок шаарындагы 1-кичи райондон 3-кичи районду көздөй бара жатканда бурулуш жерден жардыруу болгон. Жардыруудан жаракат алган кикбоксчу Руслан Абасов ооруканага жетип каза болгон. Ал эми келинчегинин абалы канааттандырарлык, учурда дарыгерлердин көзөмөлүндө. 

Белгилүү кикбоксчу Руслан Абасов унаасын жардыруудан улам көз жумду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
azamat1992kg
2014-03-28 08:56:51
Жайы жаннаттан орун алсын. Жаткан жери жайлуу болсун.
+2
ere
2014-03-28 09:31:26
ай ай бул спортчубуз кимдин жолун тосту экен...
0
belya
2014-03-28 09:46:49
Жакында эле Руслан жонундо,тее алыскы Нарын тоолорунда браконьерлерге каршы жакшы иш алып барат,табиатты оз каражаттарына коргойт деген макала окуп,ушундай кыргыз жигиттери коп болсо экен деп суйунуп калдым эле.Дуйно канча жолу таанытты десен.Эх чиркин,жаткан жери жайлуу болсун. Кылмышкерлерди табуу жана жазалоо ИИМ ге намыс коргоо иши деп билишсе экен.
+5
Akshumkar
2014-03-28 10:43:10
жаткан жери жайлуу болсун
+2
Syrduu_kyz
2014-03-28 11:00:10
Урматтуу ИИМ, иштегиле ОПГ баш көтөрүп калыптыр, күчтөнүп баратат.
+4
Manasasman
2014-03-28 13:34:26
кыргыздын багы ачылбайт окшойт, жакшы эл учун дегендер коп жашабай, алдым жуттумдарга каргаша да тийбесе. Эми кандай болот кыргыз атту калк болгон деп тарыхта атыбыз эле калбаса. Жараткан озун сакта.
0
Dadasdasd
2014-03-28 15:43:20
Аллах жайын жаннаттан кылсын. Негизи спортчуларга жогорудан колдоо болбой, демөөрчү издеп караларга кантип аралашканын байкабай да калышат.
+1
nasi00
2014-03-28 21:51:24
эн туура
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан