Парламентте Маданият жана туризм министри Ибрагим Жунусовдон эмне үчүн статс-катчылыкка сынактан өткөн талапкерди кызматка албай койгонун сурашты

ЖКнын Регламент жана депутаттык этика боюнча комитетинин 25-декабрдагы жыйынында "КРнын Маданият жана туризм министри Ибрагим Жунусов статс-катчылыгына сынактан өткөн талапкер Абдыкадыр Султанбаевди кызматка албай, өзүнүн таанышын алган" деген маалыматтарды талкуулоодо. Депутаттардын айтымында, аталган талапкер сынактын бардык баскычтарынан жогорку упай алып, бирок министр аны статс-катчы кылуудан баш тарткан. Буга маданият жана туризм министри Ибрагим Жунусов төмөндөгүчө жооп берди. "Ал адам сынактан жакшы балл алганы менен, кесиби статс-катчылыкка туура келбейт, ишти алып кете албасына көзүм жетет. Кесиби журналист, мен депутат болуп турган учурда кол алдымда бөлүм башчы болуп иштеген. Анын үстүнө жашы да 59да",- деди министр. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан