27-Март - Эл аралык театр күнүндө өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү Жеңиш Разаков Апаз Жайнаков атындагы театрдын чыгармачыл жамаатын кесиптик майрамы менен куттуктады.
“Маданият - өлкөнү өнүктүрүүнүн маанилүү ресурсу. Аалам алкагында жашаган жүздөгөн улуттар өздөрүнүн маданий өзгөчөлүгү менен улут катары сакталып калгандыгын жакшы билебиз. Учурда өз өнөрүн аздектеп, элибиздин маданиятын өнүктүрүп, өстүрүп келе жаткан театр кызматкерлеринин эмгеги баа жеткис. Театр кызматкерлеринин калкыбыздын жан дүйнөсүн байытып, руханий азык тартуулаганы өзгөчө мактоого арзыйт”,- деди ал.
Эске салсак, КР Маданият, маалымат жана туризм министри Султан Раевдин 2013-жылдын 23-декабрындагы №372-буйругу менен Баткен облустук музыкалык драма театрына Кыргыз Эл артисти, белгилүү обончу жана аткаруучу Апаз Жайнаковдун ысымы ыйгарылган.