“Кыргыз көмүр” мамлекеттик ишканасынын кызмат адамдарына кылмыш иши козголду

“Кыргыз көмүр” мамлекеттик ишканасынын кызмат адамдарына кылмыш иши козголду. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 2012-жылдын жайында “Кыргыз көмүр” мамлекеттик ишканасы жана “СК” ЖЧКсынын ортосунда келишим түзүлгөн. Ага ылайык “Самар КГ” ЖЧКсы Бишкек жылуулук борборуна (ТЭЦ) 9000 тонна көмүр жеткирүүгө милдеттендирилген. Бул үчүн “Кыргыз көмүр” ишканасы тарабынан “Самар КГ” ЖЧКсына 7 миллион сомго жакын каражат төлөнгөн. Бишкек жылуулук борбору текшерүүгө алынганда “СК” ЖЧКсына болгону 3,5 миллион сомдук көмүр жеткирилген.    

Болжолдуу маалыматтарга караганда, “Кыргыз көмүр” ишканасынын кызмат адамдары мамлекетке 3 миллион сомдон ашык зыян алып келген.

Учурда “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” жана “ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу” беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Manasasman
2014-03-28 10:14:32
Балык башынан сасыйт дей, ошол жагы мамлекетке кобуроок зыян келтирет. Ээ койчу кыргызстан онолбой калды окшойт. Бийлик озу менен озу талашышат сатышат чукушат. Мамлекеттин келечеги эмне болот.
0
Akshumkar
2014-03-28 11:15:00
Азыр бут баарыбыз кызматтака келсек жеп баштайбыз аны жашырган менен болбойт. Каныбызга синип калган мисалы сен мисалы кимдир бироо кызматтка келсе бир куну байкеси иним эптеп мени бир жерине кыпчып ал деп, анан дагы бир тууганы келип эми иним минтип кой деп аны дагы кыя албайсын ошентип эле кантип коррупционерлер болуп калганынды тушунбой каласын.
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан