Нарын облусуна караштуу Ак-Талаа районундагы Үгүт айылында мал кармоочу сарай толугу менен күйүп кетти. Бул тууралуу бүгүн, 28-мартта Өрткө каршы мамлекеттик кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, тилсиз жоонун кесепетинен сарайдагы 5 кой, 4 козу жана 10 тонна чөп өрттөнгөн. Анын келип чыгуусуна үйдүн морунан чыккан учкун себеп болгон.