ЖКнын көчмө жыйыны учурунда ЖОЖдорго кабыл алуудагы республикалык тестирлөө маселеси талкууланууда

Бүгүн, 25-декабрда ЖКнын Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитетинин көчмө жыйыны Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде өтүп жатат. Көчмө жыйын "Жалпы республикалык тестирлөөнүн жана ал боюнча жогорку окуу жайларына сынактык кабыл алуунун жыйынтыктары жөнүндө: көйгөйлөрү жана келечеги" аттуу темада болууда. Аталган комитет тарабынан демилгеленген бул маселе боюнча көчмө жыйынды комитеттин төрагасы Каныбек Осмоналиев ачып, аталган маселе боюнча Билим жана илим министри Канат Садыков, Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун директору Инна Валькова баяндама жасашты. Айта кетсек, ЖОЖдорго Жалпы республикалык тестирлөө менен кабыл алуу Кыргызстанда 2002-жылдан тартып жүргүзүлүп келет.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан