Кыргызстан мусулмандарынын муфтийи Максатбек ажы Токтомушев иш сапары менен 24-март күнү Египетке сапар алды. Бул тууралуу бүгүн, 28-мартта муфтияттын басма сөз кызматы жарыялады.
Маалым болгондой, бул иш сапарында Максатбек ажы Египетте Каир шаарында 25-26-март күндөрү өтө турган “Такфир идеологиясынын кооптуулугу жана илимсиз фатва берүүнүн коомдогу жана эл аралык байланышка тийгизген зыяны” аттуу жыйынга катышты. Бул иш-чарада Египеттин мурдагы муфтийи Али Жума, мухаддис аалым Усама Саид Асхари жана башка көптөгөн аалымдар, диний илимпоздор катышты. Азирети муфтий Максатбек ажы Египеттин "Аль-Азхар" ислам университетинин шейхи, улуу имам Ахмад Тоййиб менен жана Египеттин азыркы муфтийи Ибрахим Аллаам менен жолукту.