Кыргызстандын коркунучтуу тасмасы Эстониядагы фестивалда көрсөтүлөт

Кыргызстандын психологиялык триллер жана ужас жанрындагы "Тигил тарапка карай" аттуу тасмасы Эстониянын Хаапсалу шаарында өткөрүлө турган "HÕFF" фестивалына катышат. Тасма 2013-жылы "OYMO" студиясы тарабынан тартылган. Аталган тасманын режиссёрлору - Эмил Атагелдиев жана Эрке Джумакматова. Башкы ролдордо - Акжибек  Бейшебаева, Найзабек Сыдыков, Данияр Тагаев, Вячеслав Мантусов жана Марина Шипулина.

"Бул тасманы 2013-жылы декабрь айында өткөн "Кыргызстан - кыска метраждуу тасмалардын өлкөсү" деп аталган фестивалда калыстар тобунун мүчөсү, эстониялык продюсер Артур Вэебер сунуштаган",- деп кабарлады бүгүн, 28-мартта Кинематографияны өнүктүрүү фондунун басма сөз кызматы.

Кошумчалай кетсек, "НÕFF" фестивалы ушул жылдын 24-27-апрелинде өткөрүлөт. Фестивалдын негизги программасына Кыргызстандан тартылган фильм биринчи ирет кошулуп отурат. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан