16-апрелде Улуттук китепканада азербайжан элинин Айтматовго арнаган китебинин бет ачары өтөт. Бул иш-чараны өткөрүү 26-мартта Улуттук китепкананын директору Жылдыз Бакашева менен Азербайжан Республикасынын Кыргызстандагы ыйгарым укуктуу элчиси Гидаят Оруджевдин жолугушуусунда айкын болгон. Жолугушууда алар залкар жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун 85 жылдыгына арналып чыгарылган "Чингиз Айтматов - победа тюркского духа" аттуу китеп туурасында талкуулашкан. Маалым болгондой, бул китепте орус, кыргыз, азербайжан, казак улутундагы белгилүү авторлордун Чыңгыз Айтматов тууралуу ойлору камтылган.
Уюштуруучулар билдиргендей, аталган китептин бет ачарына Азербайжандын элчилиги, азербайжан парламентинин депутаттары, кыргыздын аттуу-баштуу адамдары, Айтматовдун жакын туугандары катышмакчы.