Кикбоксчу Руслан Абасовдун келинчегинин абалы жакшы. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы бүгүн, 28-мартта билдирди.
Маалыматка караганда, келинчеги жеңил жараат алып, дарыгерлердин жардамы көрсөтүлгөндөн кийин үйүнө жөнөтүлгөн.
Ал эми Токмок шаардык аймактык ооруканасынын жетекчисинин милдетин аткаруучу Бактыгүл Исаева: “Кечээ, 27-мартта Руслан Абасов оор абалда жандандыруу бөлүмүнө келип түшкөн. Ал 10 мүнөттөн кийин каза болуп калды. Ал жерде анын келинчеги да жүргөн, бирок ал бейтапканага жаткырылган эмес”,- деп маалымдады.
Эске салсак, кечээ, 27-март күнү саат 17:30 чамасында Токмок шаарындагы 1-кичи райондон 3-кичи районду көздөй бара жатканда бурулуш жерде Руслан Абасовдун унаасы жарылган. Анда спортчу оор жараат алып, ооруканага жеткенде каза болгон. Унаанын ичинде келинчеги да бар болчу.