"Спортчу Руслан Абасов сол жамбашынан жабыркап, кан көп кетип калган" дейт Токмок аймактык ооруканасынын жетекчиси Бактыгүл Исаева

Спортчу Руслан Абасов сол жамбашынан жабыркап, кан көп кетип калган. Бул тууралуу Токмок шаардык аймактык ооруканасынын жетекчисинин милдетин аткаруучу Бактыгүл Исаева бүгүн, 28-мартта билдирди.

Саат 18:30дар чамасында жандандыруу бөлүмүнө Руслан Абасовду аябай оор абалда алып келишкен. Кийин 10 мүнөткө жетпей каза болуп калды. Ал сол жамбашынан жабыркап, кан көп кетип калган”,- деди Бактыгүл Исаева.

Эске салсак, кечээ, 27-март күнү саат 17:30дар чамасында Токмок шаарындагы 1-кичи райондон 3-кичи районду көздөй бара жатканда бурулуш жерде Руслан Абасовдун унаасы жарылган. Анда спортчу оор жараат алып, ооруканага жеткенде каза болгон. Унаанын ичинде келинчеги да бар болчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
furkat.0097
2014-03-28 12:48:26
ушундай болсо кимдин атактуу спортсмен болгусу келет эле!
+1
maks83
2014-03-28 19:26:49
колуна шал тийсин ким жазаса дагы
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан