Ысык-Көл облусунун Саруу айылынын тургундары куугунтукка алынып, Сталиндин доорундагыдай жашап жатышат. Бул тууралуу бүгүн, 28-мартта маалымат жыйынында Оргочор айылынын тургуну Фатима Акимжанова билдирди.
Анын айтымында, 2014-жылдын 2-февралында милиция кызматкерлери буйрукка шилтеме берип, Саруу айылынын айрым уулдарын ур-токмокко алган. “Андан соң энелерди да сабай баштаган. Учурда Саруу айылынын айрым тургундары куугунтукта жүрүшөт. Ушул маселе боюнча 27-мартта президентке кайрылсак, кабыл албай койду”,- деди ал.