Жардырууда көз жумган Руслан Абасовдун санаалашы Жанбулат Амантаев: “Бул окуяга спорттун тиешеси жок”

Кечээ, 27-мартта жардырууда көз жумган кикбоксчу Руслан Абасовдун санаалашы Жанбулат Амантаев бүгүн, SUPER.KG порталына билдиргендей, бул окуяга спорттун тиешеси жок.

Анын айтымында, Руслан Абасовдун спорт тармагынан кеткенине көп жыл болду. Демек, анын өлүмүнүн спортко тиешеси жок. Ошондой эле уюшкан кылмыштуу топтор менен да байланыштуу эмес. “Русландын өлүмү өзү алып барып жаткан иши менен байланыштуу деп ойлоп турам. Анткени Нарын жактан жер алып, аңчылык менен алектенип жүргөнүн уккам. Бул окуя 60-70 пайыз анын спорттон кийинки ишмердүүлүгүнө байланыштуу”,- деп кошумчалайт ал.

Эскерте кетсек, кечээ, 27-мартта спортчу жубайы экөө унаада Токмок шаарындагы 1-кичи райондон 3-кичи районду көздөй бара жатканда бурулуш жерден жардыруу болгон. Жардыруудан жаракат алган кикбоксчу Руслан Абасов ооруканага жетип каза болгон. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан