Кыргызстандын бардык аймактарында күн сайын 30-40 уурулук фактысы катталат. Бул тууралуу Ички иштер министри Шамиль Атаханов журналисттерге берген маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, Кыргызстанда эң көп тараган кылмыштуулук уурулук болуп саналат. "Күн сайын өлкөдө 30-40 уурулук фактысы катталат. Аталган кылмыштын бетин ачуу оор", - деди Шамиль мырза.