Борбор калаада жол кырсыгы катталып, 50 жаштагы шаар тургуну каза тапты. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин Жол-кайгуул кызматы бүгүн, 28-мартта билдирди.
Маалыматка караганда, кечээ, 27-март күнү саат 20:30дар чамасында Туңгуч кичи районунда белгисиз айдоочу 50 жаштагы аялды сүзүп, качып кеткен. Анын кесепетинен жабырлануучу ошол жерде көз жумган. Учурда качып кеткен айдоочуну издөө иштери жүрүп жатат.