Мырзаке – Кара-Кулжа – Алайкуу унаа жолуна саат 18:00дөн 08:00гө чейин унаалардын өтүүсүнө чектөө киргизилди

Мырзаке – Кара-Кулжа – Алайкуу унаа жолуна саат 18:00дөн 08:00гө чейин унаалардын өтүүсүнө чектөө киргизилди. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 28-мартта билдирди.

Маалыматка караганда, буга аба ырайынын кескин өзгөрүүсү себеп болгон.

Айта кетсек, абанын температурасынын жогорулашына жана күтүлүп жаткан жаан-чачындарга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек - Ош унаа жолунун 121-137 жана 198-265-чакырымдарында, Ош облусундагы Мырзаке - Кара-Кулжа - Алайкуу унаа жолунун 45-90 жана 145-150-чакырымдарында, Ысык-Көл облусундагы Каракол - Эңилчек унаа жолунун 45-90-чакырымдарында, Жалал-Абад облусундагы Ала-Бука -Каныш-Кыя унаа жолунун 62-100-чакырымдарында кар көчкү коркунучу жана кар күрткүсү күтүлөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан