Канат Садыков мектеп окуучуларынын билим деңгээли түшүп жатканын эскертти

"Кыргызстанда мектеп окуучуларынын деңгээли даярдыктын жоктугунан түшүп жатат". Бул тууралуу КРнын Билим берүү жана илим министри Канат Садыков бүгүн, 25-декабрда ЖКнын комитетинин көчмө жыйыны учурунда билдирди. Министр ошондой эле мектеп бүтүрүүчүлөрүнө аттестаттар да баш аламан тартипте берилип жатканын кошумчалады. "Окуучулардын билим деңгээли Жалпы республикалык тестирлөөнүн кесепетинен эмес, даярдыктын жоктугунан түшүп жатат. Көптөгөн ата-энелер баласы ЖОЖго өтпөй калса, ЖРТга нааразы болушат. Тестирлөө аркылуу ЖОЖго өтпөй калган окуучу кийинки жылы кайрадан тестирлөөгө катышса болот",- деди министр. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан