“Чалдыбар-автожол” өткөрүү бекетинен Казакстанга курал алып өтүүгө аракет кылган жаран кармалды. Бул тууралуу Чек ара кызматы бүгүн, 28-мартта билдирди.
Маалыматка караганда, кармалган жарандын баштыгын текшерүү учурунда М-16 автоматы үчүн 20 даана бычак, аскерлердин сооту жана бет каптар табылган. Учурда тиешелүү документтер топтолуп, Жайыл райондук УКМК кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.