“Аскердик реформа жасоого 2010-жылдагы окуялар түрткү болду” деди Атамбаев

“Кыргызстанда аскердик реформа жасоого 2010-жылдагы окуялар себеп болду”,- деп билдирди президент Алмазбек Атамбаев 27-марттагы телеканалдардын бириндеги маегинде. Айтымында, 2010-жылдагы окуялар күч түзүмдөрү бирдиктүү иштей албаганын көрсөттү.

“Куралдуу күчтөр бар, бирок ар бир бөлүмдүн өзүнүн жетекчилери бар. Мисалы, Чек ара куралдуу күчтөрү, Улуттук гвардия, армия... Мага ошондо бир жетекчилик башкарган жалгыз кыргыз армиясын түзүү идеясы келген. Армия бир муштумдай күчкө айланып, аны Башкы штаб жетектеши керек. Бул нерсе Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүү стратегиясында жазылуу. Башында бизди “Бул стратегияны эмнеге жазып жатат?” деп көпчүлүк түшүнгөн эмес. Бирок биз азыр кайсы багытта кетүү керектигин жакшы билебиз. Армиядан баштап шайлоолорго чейин”,- деди президент. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан