"Жигитке жетимиш өнөр аздык кылат" деген кеп ушул мырзага жарашчудай. Дегеним, аранжировкачы жана ырчы
Жаныш Момунов Кыргызстандын жеңил өнөр жайынын өнүгүүсүнө салым кошсом деген максатта тигүү цехин ачып, ишке киргизгенин кабарлады.
"50 орундуу тигүү цехин ачтым. Учурда мыкты тиккен тигүүчүлөр менен толукталып жатабыз. Буюрса, цехибизден жалаң айымдардын көйнөк, кофта, юбка сыяктуу кийимдери чыгарылат. Чыгармачылыкты да, бул бизнесимди да алып кетем деген ойдомун. Анткени цехтин ишин көзөмөлдөп туруучу орун басарларым бар",- дейт ырчы.