Үстүбүздөгү жылдын январь айына карата Бакай-Ата районундагы жашоочулардын саны 11 795 адамды түзөт. Анын ичинен жакыр үй-бүлөлөрдүн саны 3509ду түзүп, жакырчылыктын көрсөткүчү 29,7 пайызга жетти. Бул тууралуу Бакай-Ата районунун акиминин орун басары Айжамал Шамбетова маалымдады.
Маалыматка ылайык, Бакай-Ата району боюнча 8498 түтүн, 9 763 үй-бүлө, 47 567 адам жашайт. Жакырчылыктын көрсөткүчү быйыл 29,7 пайыз болсо, 2013-жылдын январь айында 41,1 пайызды түзүп келген.