“Камызяктар” командасы эмне үчүн алдыдагы сезонго катышпай жатканын билдиришти

Бүгүн, 28-мартта Шайырлар жана тапкычтар клубунун “Камызяктар” командасы эмне себептен алдыдагы сезонго катышпай турганын маалымат жыйынында билдирди. 

“Шайырлар жана тапкычтар клубу биздин көп убактыбызды алчу. Жылдын аягында чарчап калдык. Себеби Юрмала, Мэрдин Кубогу, жарым финал өткөрүлдү. Алардын ар бир иш-чарасына жок дегенде бир жума талап кылынып, үй-бүлөбүзгө, жубайларыбызга, ата-энебизге аз көңүл бөлүп калуудабыз. Ошондуктан биз үйдө болууну кааладык”,- деп түшүндүрдү команданын капитаны Азамат Мусагалиев.  

Ал эми журналисттин "Кайтып келүү планда барбы?" деген суроосуна “командада пландар көп, алар ишке ашабы, ал белгисиз” деп жооп узатты. 

Ошондой эле ал: “Азия Микс” командасы бизге аябай жакшы болуп көрүнөт. Биз Тапкычтар жана шайырлар клубунун биринчи сезонун көрдүк, алар оюнду эң мыкты баштап беришкен, мекен жөнүндөгү ыры да эң сонун”,- деп кошумчалады.

"Тапкычтар жана шайырлар клубунун сезонунун Жогорку Лигасында Кыргызстандын курама командасы жеңишке жетеби?" деген суроого ал Эльдияр Кененсаровдун командасынан көз каранды экенин айтып, кандай болгон күндө да аларга ийгилик каалаарын билдирди.

Эске салсак, бүгүн, 28-мартта Тапкычтар жана шайырлар клубу Бишкек шаарынын мэринин Кубогу үчүн таймаш өткөрөт. Анын ачылышына “Камызяктар” командасы да катышат. 

 

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
gulperi.kg
2014-03-29 15:45:20
Жигиттерди обожаю)))аябай жакшы аткарышат
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан