Ташполот Балтабаев муниципалдык аймактык башкаруу органын жоюп салууну сунуштады
ЖКнын 25-декабрдагы Социалдык саясат комитетинин жыйынында депутат Ташполот Балтабаев муниципалдык аймактык башкаруу органын жоюп салуу керектигин билдирди. Анын айтымында, аталган башкармалыктын кызматкерлери эч кандай деле иш алып барбайт. "Мен азыркы жашап жаткан райондо көп жылдан бери жашап келе жатам. Алардын эмне иш кылганын көрө элекмин. Шайлоолордо гана мэрдин схемасы менен иштеп калышат. Биз муну жабышыбыз керек",- деди депутат. Белгилей кетсек, аталган комитетте Бишкек жана Ош шаарларынын статусу тууралуу мыйзам долбоору каралды.