29-мартта Жогорку Кеңештин депутаттары, ЖКнын аппарат жана иш башкармалыгынын кызматкерлери Бишкек шаарындагы “Ала-Тоо” сейил багына көчөт тигишет. Парламенттин басма сөз кызматынын билдиришинче, иш-чара 5-мартта кабыл алынган Жогорку Кеңештин токтомуна ылайык уюштурулуп жатат. Депутат Курмантай Абдиевдин демилгеси менен кабыл алынган токтом боюнча, жыл сайын 20-марттан 20-апрелге чейин өлкө аймагында көчөт отургузуу иштери жасалмакчы.