Караколдо СИЗОдо отурган жигит каткан 20 килограммга жакын марихуана табылды

Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында СИЗОдо отурган жигит бекиткен баңгизат табылды. Бул тууралуу бүгүн, 28-мартта Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, тергөө амалдарынын жүрүшүндө эски үйлөрдүн биринен 2 баштык табылган. Алардын ичинде жалпысынан 19 килограмм 710 грамм марихуана бар экени белгилүү болду. Бул факты боюнча "баңги каражаттарын мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо, ташуу, жөнөтүү" беренесинин негизинде кылмыш иши козголду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан