Кыргызстандын жаш педагогдору квалификациясын Улуу Британиядан жогорулатканга мүмкүнчүлүк алышты

Кыргызстандын мектепке чейинки билим берүү тармагында иштеген жаш педагогдор Улуу Британиядан бир жыл аралыгында квалификациясын жогорулатуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. Бул тууралуу 28-мартта Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Демилге Улуу Британиянын ардактуу консулу тарабынан көтөрүлдү. Ийгиликтүү өткөн талапкерлер колледжден окуу курсунан өтүүгө жана Британиянын балдарды тарбиялоо тармагындагы дипломун алууга шарт түзүлөт. Окуу акысы, жатакана жана жолго кеткен чыгымдары "Giant Leap Childcare and Learning Centre" окуу борборунун эсебинен каралат.

Маалыматка таянсак, Улуу Британияга виза ачууга талапкерлер өздөрү жооптуу. Анкетаны толтуруу мөөнөтү 2014-жылдын 25-апрелинде аяктайт. Толтурулган анкетаны электрондук дарекке жиберүү керек.

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан