Токтогул районунда "аялды таш менен башка уруп, зордуктоого аракет кылган" деп шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы бүгүн, 28-мартта билдирди.
Маалыматка караганда, 26-март күнү саат 23:30дар чамасында милиция кызматкерлерине катуу сабалган аял туурасында маалымат келип түшкөн. Окуя болгон жерге барышканда жабырлануучу 1973-жылы туулган Токтогул районунун тургуну экендиги аныкталган. Ал коноктон келе жатканда белгисиз адам тосуп алып, зордуктоого аракет кылган. Ага болбогон жабырлануучуну таш менен башка урган.
Жүргүзүлгөн ыкчам иш-аракеттердин натыйжасында кылмышка шектелип 1986-жылы туулган С.У. аттуу жаран кармалган. Ал башында эч нерсе билбегенин айтып, түндө болгон окуяны жашырган. Кийин ал жашаган үй текшерүүгө алынганда кан болгон кийимдери табылган. Ошондой эле үйүнөн 28 килограмм 240 грамм марихуана алынган.
Учурда кармалган адам убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары жүрүп жатат.