Ысык-Көл. Жолдорду кар көчкүдөн тазалоого 495 миң сом бөлүндү

Кар көчкүлөр негизинен Каракол-Эӊилчек, Барскоон-Ак-Шыйрак жол каттамдарында болгон. Алардын ичинен эӊ чоӊу Каракол-Эӊилчек унаа жолунда катталган. Анын көлөмү 150 миӊ куб метрди түзгөн. Бул тууралуу №4- өндүрүштүк-тилкелик автожолдор башкармалыгынын жетекчиси Кудайкул  Күчүков билдирди. Маалыматка ылайык, көчкү тазалоочу техникалар учурда 95 пайызга ишке жарамдуу. Белгилей кетсек, өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү жолдорду тазалоо ишине 495 миӊ сом бөлүп берген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан