Бишкекте бүгүн, 28-мартта балет өнөрү боюнча биринчи эл аралык фестиваль өтүүдө. Фестиваль Маданият, маалымат жана туризм министрлиги менен "DZENIM" коомдук фонду тарабынан уюштурулган. Ага Орусия, Казакстан, Тажикстан, Швеция мамлекеттеринин өкүлдөрү катышууда.
Учурда театр сахнасында “Корсар” балети тартууланып жатат. Бул балет Жорж Гордон Байрондун поэмасынын негизинде жазылган. Музыкасы Адольф Аданга жана Лео Делибага таандык. Биринчи жолу Париждин театрында 1856-жылы балетмейстер Жозеф Мазилье койгон.
Фестиваль А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера-балет театрында өтүүдө.