22-мартта SUPER.KG порталынын Москва шаарындагы активдүү колдонуучулары, супер форумчулар "Супер мега" жолугушуу кечесин өткөрүштү. Бул тууралуу алар "Суперстан" бөлүмүнө атайын тема ачып, жолугушуунун жүрүшү, андагы кызыктар тууралуу отчёт берип, сүрөттөрүн жарыялашты. Албетте, мындай жакшы саамалыкты биз, "Соңку кабарлар" бөлүмү, эл менен бөлүшүүнү туура көрдүк.
Супер форумчулардын калтырган отчётуна таянсак, саат 21:00гө белгиленген жолугушуу 23төр чамасында башталган. Мындай кечигүүнү көпчүлүк форумчулардын жумуштан кеч чыгуусу менен түшүндүрүшкөн. Жалпысынан 32 форумчу, 3 окурман келип, кече Кыргызстандын гимнин ырдоо менен башталган. Жолугушуунун жүрүшүндө колдонуучулар кызыктуу оюндарды ойноп, ырдап-бийлеп көңүлдүү отрушкан. Мыкты ырдап-бийлеген форумчуларга атайын белектер ыйгарылыптыр.
Албетте, чет жерде жүргөн форумчулардын башын бириктирип, аларды бири-бири менен жакындан тааныштырган адамдар тууралуу айта кетпесек болбос. Алар timurkg, max90, Barika, barpynynkyzy аттуу колдонуучулар. Кеченин катышуучулары баары бир ооздон мындай мыкты деңгээлдеги саамалыкты уюштурган колдонуучуларга, "Супер-Инфо" гезитине жана SUPER.KG порталына ыраазычылык билдиришкен. Форумчулардын бул жолугушуусу тууралуу кененирээк маалымат алып, ой бөлүшкүңүз келсе, анда бул жакка баш багыңыз...