Кечээ, 28-мартта балет өнөрү боюнча эл аралык фестивалда “Корсар” балети коюлду. Андагы башкы ролду Орусиянын Эмгек сиңирген артисти, балерина Ирина Аблицова жана КРнын Эмгек сиңирген артисти Талант Осмонов аткарды. Балет искусствосунун өнүгүшүнө беделдүү салым кошуп келаткан инсандар көрүүчүлөрдү профессионалдык чеберчилиги менен суктандырышты.
Кыргызстанда биринчи жолу А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера-балет театрында балет искусствосу боюнча эл аралык фестиваль жогорку деңгээлде өттү. Бүгүн фестивалдын гала-концерти өтөт.