Ысык-Көл. Каракол шаарында жаңы жылдык балатынын ачылыш аземи болду

Жаңы 2013-жылды тиешелүү деңгээлде тосуп алуу боюнча Каракол шаардык мэриясынын тескемесине ылайык, шаарда бир катар майрамдык иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Шаардын борбордук аянтын кооздоону "Тазалык" коммуналдык ишканасы колго алган. Ал эми Маданият үйүнүн чыгармачыл жамааты балдардын балаты майрамына театрлашкан оюнун даярдашып, кезеги менен өткөрүүдө. 24-декабрь күнү борбордук аянтта жаңы жылдык балатынын ачылыш аземи өткөрүлдү. Анда жергиликтүү жетекчилер шаар тургундарын куттукташып, атайын маданият кызматкерлери концерттик майрамдык программа тартуулап, соңунда жаштар үчүн бий уюштурулду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан