Таласта 2 килограмм маңзат менен Бишкек шаарынын жашоочусу кармалды

Талас облусунун Кара-Буура районунда 2 килограмм баңгизат менен 32 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, милицияга 27-мартта маңзатты мыйзамсыз сактаган адам жөнүндө кабар түшкөн. 

Райондук ички иштер башкармалыгы тарабынан Mazda MPV үлгүсүндөгү унаа токтотулуп, тинтүүгө алынган. Айдоочу Бишкек шаарынын 32 жаштагы жашоочусу М.А. экендиги белгилүү болгон. Унааны текшерүү учурунда 1 килограмм 849 грамм марихуана жана 6 огу бар атуучу курал табылган. Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
murgab2013
2014-03-30 09:07:23
Ой жарым кап го 2 кг бы
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан