Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы "өлкөнүн тоолуу аймактарында жана унаа жолдорунда кар көчкү түшүү коркунучу сакталат" деп билдирди.
Маалыматка ылайык, 28-марттан 31-мартка чейин жаап өткөн жаан-чачынга жана абанын температурасынын жогорулашына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, тоолуу аймактардын унаа жолдорунда кар көчкү түшүү коркунучу сакталат.
Бишкек - Ош (121-137, 198-265-чакырымдары), Мырзаке - Кара-Кулжа - Алайкуу (45-90, 145-150-чакырымдары), Каракол - Эңилчек (45-90-чакырымдары), Ала-Бука - Каныш-Кыя (62-100-чакырымдары) унаа жолдорунда кар көчкү жана кар күрткүсү түшүү коркунучуна байланыштуу унаалардын ортосунда 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.